Мураталы Жакыпов “КТ Мобайл” ЖЧК ишканасына директор болуп дайындалды. Бул тууралуу “”Кыргызтелекомдун” маалымат кызматы билдирди.
Жакыповду кечээ, 10-июнда, “Кыргызтелеком” ишканасынын башкаруучулугунун мүчөлөрү шайлаган. Ал эми орун басарлары качан дайындалары азырынча белгисиз.
Мураталы Жакыпов буга чейин Кыргызтелекомдо иштеген, кийин Билим берүү жана илим министрлигине караштуу бөлүмдө жабдуулар боюнча адис болуп эмгектенип жаткан.
“КТ Мобайл” түзүлгөндөн тарта 2018-жылдын сентябрь айына чейин 9 директор алмашты.