Ысык-Көлдө суу түтүктөр оңдолот

132
41 миллион 870 миң долларга Каракол жана Балыкчы шаарларында суу түтүктөрү жаӊыртылат
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы суу түтүктөрдүн 65 пайызы, ал эми Балыкчы шаарында 45 пайызы жаӊыртылат. Бул тууралуу бүгүн  Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде  Таза суу менен камсыз кылуу жана саркынды суулардан арылуу департаментинин башчысы Аскарбек Токтошев билдирген.

“Азия өнүктүрүү банкы бул багытта 41 миллион 870 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүүгө даяр. Каражаттын 12 миллион 84 миң доллары грант, калганы жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 32 жылга берилүүдө, анын ичинде 8 жыл жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. Бул долбоордун алкагында Каракол шаарындагы суу түтүктөрдүн 65 пайызы, Балыкчыда 45 пайызы жаӊыртылат”, – деди Токтошев.

Келишим ратификациялангандан кийин долбоор даярдалып, аны ишке ашыруу боюнча тендер жарыяланат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 5 жыл.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь