Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 12-15-июнь күндөрү бир катар көчөлөр жабылат. Алар кайсы көчөлөр жана кайсыл убакта жабылаары коноктордун коопсуздугу үчүн айтылбайт.
Жалпысынан “Манас” аэропортунан ШКУ саммити өтүүчү мамлекеттик резиденцияга алып барчу жол маал-маалы менен жабылып турат.
Автоинспекция башкармалыгынан жалпысынан коомдук тартипти көзөмөлдөө үчүн 1 миңден ашуун кызматкер күзөткө чыгат. Укук коргоо органдары шаар тургундарын түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
Андан тышкары алардын маалыматы боюнча, ар бир жол кесилишинде бирден милиция кызматкери туруп, жол жүрүүнү жөнгө салат, ошол себептен “Коопсуз шаардын” камералары убактылуу иштебейт.