Өспүрүм кызды зордуктаган кишини жазадан куткаруу аракети болууда

110

Өспүрүм кызды зордуктаган кишини жазадан куткаруу аракети көрүлүүдө. Бул тууралуу редакцияга “Сезим” кризисттик борборунун директору Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Өткөн жылы Ысык-Көл областтынын Ак-Суу районунда 31 жаштагы үй-бүлөөлүү киши 14 жашар айылдашын күч колдонуп зордуктап, “эгерде ата-энеңе айтсаң үй бүлөңдүн баарын  өлтүрөм”- деп коркуткан.  Көп күн өтпөй  кызды экинчи ирет зордуктайт.  Мындай көрүнүш уланып, түн ичинде телефонуна чалып, сыр билгизбей сыртка чыгып туруусун талап кылып коркута баштаганда мектеп окуучусу сиңдисине билдирип, окуя ата-энесине жеткен.

Окуяны билээр замат кыздын ата-энеси милицияга арыз менен кайрылышкан. Иликтөөнүн негизинде 9-класстын окуучусун зордуктап жүргөн ошол эле айылдын тургуну  3 баланын атасы,  31 жаштагы Ж. М. экени аныкталган. Бирок аны кармоого аракет кылганда ал Бишкекке качып кеткен. Бир ай өткөн соң кармалып, камакка алынган.

Өткөн жылдын 28-ноябрында Ак-Суу райондук сотунун судьясы  Р.Т. Маматкуловдун  төрагалыгы менен соттук отурум болуп, М. Ж. кылмыш жана жаза кодексинин 129-беренсинин негизинде жашы жете элек өспүрүмдү зордуктагандыгы үчүн 15 жылга эркинен  ажыратылган. Бирок кылмышкердин жакындары жабыркаган тарапка “облустук сотко акча берсек дагы куткарып алабыз”- деп кыр көрсөтүп кетишкен.

Ал эми 2019-жылдын 19-мартында бул иш Ысык-Көл облустук сотунда каралып, кандайдыр бир себептер  менен соттолгон адамга карата тагылган беренелер өзгөртүлгөн. Соттук отурумга А.М. Өмүралиева төрагалык кылган Г.И. Кудабаева У.Ж. Суранчиевлар ишти жабык кароо менен  кылмышкерди 2жыл 6 айга гана кесүүгө чечим чыгарылат.

Бүбүсара Рыскулова «Бул  эмне деген  шумдук. Ай азыр ала качуу үчүн 10 жылга чейин эркинен  ажыратуу каралып жатса, бул  жерде соттордун кылганын  көргүлө. Ал тургай “зордуктоого  аракет кылгандыгы үчүн кылмышкер катуу жазаланат. Бул  жерде эч чара көрүлбөстөн эле бошотуп жиберүү аракети жасалганы көрүнүп турат. Зордуктаганы аз келгенсип, кыздын өз өмүрүнө кол салуусуна чейин алып барган зөөкүрлөрдү жеңил кутулууга кантип жол берди, түшүнүксүз. Биз  бул ишти аягына чейин  алып барып, Жогорку Соттон адилет  чечим чыгарылышын талап  кылабыз.»-деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, жогоруда айтылган иш  эртең, 12- июнда Жогорку сотто каралмакчы. Буга байланыштуу жабыркаган кыздын жакындары журналисттерди жана уккук коргоочуларды иштин акыйкат  каралуусун көзөмөлгө алууга чакырышууда.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь