Абайлаңыз сүрөт! Нарында 6 жашар кыздын сөөгү жээкке чыгып калган

368

Бүгүн 12-июнь күнү саат 13:15 чамасында Ак-Талаа РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө милиция кызматкери телефон чалып, Ак-Талаа районунун Кара-Ой айылынын түштүк тарабындагы Нарын суусунда жансыз адамдын денеси жээкке чыгып калгандыгын билдирген.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда жашы болжол менен 6-7жаштагы жаш өспүрүм кыздын жансыз денеси чалкасынан жаткан абалда болгон. Сыртынан кароо жүргүзгөндө сол жана оң жамбашынын алды болжол менен 10-15см оюлгандыгы жана кыздын башына өңү кызыл түстөгү светири оролуп калгандыгы аныкталган.

Жаш кыз Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну 12.09.2013-жт Н.Ж болуп чыккан.

Нарын ОИИБнан элдик медиага билдиргендей,атасы кызынын сөөгүн тааныган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь