Аида Касымалиева:”Аманбанкка” аманат салып алданган жарандардан экөө көз жумду (ВИДЕО)

107

Бүгүн Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева Өзгөн районунун Куршаб айылындагы “Аманбанктын” филилалына депозитке акча салып, ала албай жаткан жарандардын экөөсү ден-соолугуна байланыштуу көз жумгандыгын баса белгиледи. Вице-спикердин айтымында, аталган банктан жабыр тарткан элдердин кайрылуусу боюнча бул кезге чейин да Улуттук банкка жана финполицияга кайрылган.

Элдер Аманбанктын “Аманат” депозитине акчаларын салышкан. Бирок банктын көзөмөлүнүн жоктугунан, кызматкерлердин шалаакылыгынан элдер жабыр тартып, миллиондогон акчаларын кайтарып ала албай калышты. Анын айынан жүрөгү ооруп эки жаран каза болду. Учурда сот иштери жүрүп жатат. Улуттук банк жана Финполиция тиешелүү позициясын билдириши керек “, – деди Аида Касымалиева.

Эске салсак, 2014-жылга чейин “Аманбанктын” Куршабдагы филиалына жергиликтүү тургундар депозит катары акчаларын сактоого салышкан. 2018-жылы салган акча каражаттарын кайтарып алуу үчүн барышканда, банктын эсебинде жок болуп чыккан. Алдын ала териштирүүгө ылайык, филиалдын кызматкери акча каражаттарды жеке кызыкчылыгына иштетип койгондугу маалым болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь