Алтынбек Сулайманов эмне деди?

208

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июндагы айткан пикирлери боюнча өзүнүн оюн билдирди. Ал  “Эки  жүздүү Атамбаевдин коррупция жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Экс-президент деген статусун көтөрө албай жатат”- деп айткан.

“Экс-президент Алмаз Атамбаевдин 8-июнда сүйлөгөн сөзүн уктум. Ал кишинин өлкөдөгү коррупция, негатив жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугу жок. Алмазбек Атамбаев сот системасына, укук коргоо органдарынын иштегенине нааразы болсо, өлкөдөгү кемчиликтерди белгилеп жатса, анда 6 жыл өлкөнү башкарган киши катары күнөөнү бирөөгө оодарбай, суроону өзүнө берсин. Эгер Алмаз Атамбаев өзүнүн башкарып турганда кылган кемчиликтерин унутуп калган болсо, эл ал нерселерди унуткан жок. Экс-президент кетирген катачылыгымды оңдойм десе, анда саясатка аралашпай тынч отурсун. Башка бир мусулманды мунафик, каапыр деп атаганы, ал кишинин экс-президент деген статусту көтөрө албай жатканынан кабар берет. Ушундай кырдаалда Сооронбай Шариповичтин сабырдуулугуна дагы бир жолу баа бердим. Өлкө башчыбыздын коррупция менен күрөшүнө баарыбыз колубуздан келишинче жардам беришибиз керек!”-деп кошумчалаган эл өкүлү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь