Ат-Башы районундагы Ак-Сайда 37 топоз, 5 жылкы уурдалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мал ээси Акылбек Турдакунов билдирди.
Анын айтымында, аталган бодо малдар Ак-Сай өрөөнүндөгү Кароол-Дөбө аймагынан уурдалган. «Малдарды Ак-Сай жайлоосуна чыгарабыз. Бул жайлоо Ат-Башы районундагы Ак-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу болгондуктан келишим түзүп алганбыз. Акыркы жолу малыбызды санаганда 37 топоз, 5 баш жылкы жетпей калды. Өзүбүз иликтеп, малдардын 28 баш топоз жана 5 баш жылкынын ар кандай жолдор менен 3 айда уурдалганын аныктадык. Аларды кээбирин союп, айрымдарын тирүү жүктөп кетишиптир. Аталган ишти райондук ички иштер бөлүмүнө кабарладык.” деп билдирген.
Ошондой эле ал “Малдарды баккан чабан дагы кайда экендиги белгисиз. Бул уурулук фактысына чек ара кызматкерлеринин катыштыгы бар болушу мүмкүн. Себеби, куралчандарды көргөндөр бар экен. Буга чейин чек ара кызматкерлери 2 чоң топозду атып, кийин төлөп беришкен,” -деп кошумчалаган.