11-июнь күнү Баткен облусунда 3 жашар кыз каналдагы сууга түшүп кеткен. Ошол жердеги адамдар көрүп калып суудан алып чыккан убакта, ал чарчап калган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнан билдирди.
Окуя кечээ Самаркандек айылында саат 13:30дар чамасында болгон. Кыз ойноп жатып үйүнүн жанындагы каналга түшүп кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кокустук катары катталды.