Москванын Морозовский балдар ооруканасында 13 жашар өспүрүм баланын жыныстык мүчөсүнөн тиш сууруп чыгышты. 13 жашар бала жыныстык мучөсүндөгү жумурткасынын ичинде катуу бир нерсе жүргөнүн сезип ооруканага кайрылган.
Москвадагы балдарды жана өспүрүмдөрдү коргоо улуттук борборунун жетекчиси Дмитрий Тарусин дарыгердик ишмердүүлүгүндө мындай шумдукту көрбөгөнүн айткан. Рак шишиги эмес экенин аныктаган соң, бөйрөктүн ташына окшотуп таң калышкан. Өспүрүмдүн астыңкы жаактагы жетинчи тиши жыныстык жумурткасында өсүп чыкканын аныкташкан.
Дмитрий Тарусин балага операция жасап, өжөр мигрантты алып таштаган. Операция ийгиликтүү аяктады. Баланын келечектеги ден- соолугуна эч кедергисин тийгизбейт дейт. Дарыгер медициналык багытта дагы бир ачылыш жасаганына сыймыктанат. Тарусин, адам организмдеги бул кубулушту б.а ачылышты кантип атоону ойлоно элек. Деген менен, оорукананын маалымат кызматы адамдын тиши башка органдарга жабышып өсүп чыгуусу илимде маалым экенин билдиришти.
Ал “органдын дистопиясы” деп аталат. Тиш дарыгерлер, тиш адамдын өпкөсүнө жабышып чыкканын кездештирген. Бирок, жыныстык мүчөдөн өсүп чыккан тиш дүйнөлүк медицина тажрыйбасында уникалдуу окуя болуп катталды.