Иса Өмүркулов Шыкмаматовго кайрылып: Сүйлөймбү же сүйлөбөймбү, сенден сурабайм (видео)

206

Бүгүн парламентте депутат Алмамбет Шыкмаматов Иса Өмүркуловдун Атамбаевдин дарегина айткан сынын туура эмес деп эсептеген. Шыкмаматов кесиптешинин айткандарын саясаттагы эки жүздүүлүк деп баалады. Өз кезегинде Өмүркулов муну  жоопсуз калтырган жок.

– Сүйлөймбү же сүйлөбөймбү, сенден уруксат сурабайм. Экинчиден, баррикада-митингдерде сен да, мен да, Текебаев да чогуу жүргөнбүз. Анын президент болуп шайланышына сенин да, Текебаевдин да салымы бар. Ал бийликке келгенден кийин колдодук да.Өзүң дагы колдободуңбу. Берген сунуштарын колдодук, фракциянын жетекчиси катары колдодук. Бирок мөөнөтү бүткөндөн кийин эмне болгонун көрүп жатабыз да. Ал жата берсе эч ким тийишмек эмес. Бүгүнкү күндө камалган балдардын убалына калып жатат. Алардын алдында актангансып митинг өткөрүп, аппак көрүнүп атат. Угуп отурсам асмандан түшкөн кишидей да. Мен дагы куугунтук көргөм Алмамбет иним.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь