Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев атайын партия лидеринин 10 мүнөттүк убактысын сурап алып, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июнь күнү Форум имаратында сүйлөгөн сөзү боюнча парламент өз баасын бериш керек деген пикирин айтты .
“Экс-президент парламенттин жүзүнө көлөкө түшүруп жатат, анын Форумда сүйлөгөн сөздөрү бардыгы калп”,- деген Канат Исаев бул жагдайларга токтолду.
1- Мугалимдердин, чек арачылардын, ИИМдин айлыктары боюнча
2- Губернатор, облус башкармалыктары боюнча (Бажыдагы терс көрүнүштөрдөн)
3- АКС бөлүмү Облус жетекчиге баш ийбейт
4- Мультимиллионер бирөөдөн карыз алган
5- Лит фонд аркылуу китеп сатып аны рейдерлик жол менен басып алуусу
Ал биринчи бөлүктө Атамбаевдин форумда сүйлөгөн жарым саатык сөзүнө жооп берди. Ошондой эле Нарын каскады, ЖЭБ чыры, Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылышы, ММК өкүлдөрү менен соттошуусу, уюшулган кылмыштуу топторго тапанча белек кылгандыгы, бийликти узурпация кылуу, жан сакчыларына генарал чинин ыйгаруу, Жогорку Кеңештин тизмесин тузүү боюнча Башкы прокуратура, Финпол, Ички иштер министрлиги тиешелүү чара көрүп Жогорку Кеңеш экс-президент Атамбаевге тиешелүү баа бериши керек деди.
Канат Исаев сүйлөп жатканда Ирина Карамушкина сөзүн бөлүп бирок, Дастанбек Жумабеков анын сөзүнө маани бербей сүйлөй берүүсун өтүндү.