Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 12-июнда, Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келди.
Эл аралык «Манас» аэропортунан Си Цзиньпинди Президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды.
Мамлекеттик визиттин алкагында Си Цзиньпин эртең, 13-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков менен кеңейтилген курамдагы эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, жыйынтыгында эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлат.
Мындан тышкары кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү күтүлүүдө.
Ошондой эле Си Цзиньпин Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын ишине катышат.