Кыргызча саламдашкан Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстандагы биринчи күнү (видео,фото)

209

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн, 12-июнда, расмий сапары менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Мухаммедкалый Абылгазиев жана Халтмаагийн Баттулга «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексине барып, 1916-жылдагы каргашалуу окуялар учурунда курман болгондорду эскерип гүлчамбар койду.

Монголиянын лидерин мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясынан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алып, эки өлкөнүн гимни жаңырды. Андан соң катарга тизилген Ардак кароолго карай бет алышып, Баттулга аскерлер менен “Салам, аскер!”  деп кыргызча учурашты.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга менен өткөн жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча 9 документке кол коюлду.

Халтмаагийн Баттулга кеңири курамдагы эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековду Монголияга расмий визит менен келүүгө чакырды.

Мындан тышкары, Халтмаагийн Баттулга туризм чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү жана Ысык-Көл жана Хяргас-Нуур көлүнө биргелешкен маршрутту иштеп чыгууну сунуштады.

 

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь