Кыргыз-тажик чек арасында жер титиреди

138

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

КРнын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 12-июнда болжол менен саат 07:31де Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 2 баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь