“Макмалалтын” комбинатын иштетүүгө акча которулду

“Мансон Групп” ЖЧКсынын уюштуруучусу “Макмал Голд Компании” ЖЧК долбоорун ишке ашыруу үчүн 1 млн. доллар өлчөмүндө биринчи траншын которду. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ААКсынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, президенттин 2018-жылды аймактарды өнүктүрүү боюнча жарлыгынын жана өкмөттүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” планынын алкагында 2019-жылдын 27-мартында “Кыргызалтын” ААКсы менен сынактын жеңүүчүсү “Мансон Групп” ЖЧКсы “Макмалалтын Комбинаты” филиалынын базасында биргелешкен коом түзүү максатында макулдашууга кол койгон.

Азыркы күндө “Кыргызалтын” ААКсынын “Макмалалтын Комбинаты” филиалындагы активдерин биргелешкен коомдун уставдык капиталына өткөрүү жараяны жүрүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь