Медицина кызматкери 17 ымыркайды өлтүрүүгө шектелүүдө

262

Англияда ымыркайлар бөлүмүндө иштеген медицина кызматкери 17 наристени өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазды.

Маалыматка караганда,  29 жаштагы Люси Летби аттуу кызматкер Честер шаарындагы оорукананын ымыркайлар бөлүмүндө акыркы 8 жылдан бери иштеп келген. Бул окуя резонанстуу болгондуктан учурда бул окуянын чоо-жайы жашырылууда. Бирок кылмышка шектүүнү полиция 10-июнда камакка алды.

“2018-жылы Летби 2018-жылы 8 ымыркайды өлтүрүүгө шектелип кармалган. Кийин ал белгисиз себептерден улам коё берилген. Ал эми жумушунан башка кызматка которулган. Арадан көп өтпөй медицина кызматкери бир нече ымыркайларды өлтүрүү аракеттерин кылганы аныкталган. 10-июнь күнү Люси камакка алынып, ал 17 ымыркайды өлтүрүп, 16 ымыркайдын ден соолугуна залал тийгизгени аныкталган. 2015-2016-жыл аралыктарында аталган ооруканада ымыркайлардын чарчап калган учурлары көп болгон.

Белгилүү болгондой, ымыркайларды өлтүрүп жүргөн кызматкер бул ооруканага 2011-жылы жумушка орношкон. Бул окуя тууралуу уккан Люсинин жакын достору ал дайыма жумшак жана ар дайым жардамга келүүгө даяр болчу деп билдиришкен. 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь