Монголиянын президенти Кыргызстанга келди

111

Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунда Монголиянын Президентин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Расмий сапарынын алкагында Халтмаагийн Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Монголиянын Президенти ошондой эле Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Монголиянын Президентинин Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Монголиянын Президентинин катышуусунда Кыргызстандагы Монголиянын элчилигинин ачылышы өтөт.

Халтмаагийн Баттулга расмий сапарынын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине бармакчы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь