Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди жети жыл президент болуп турганда бажыдагы, салыктагы жемкорлуктарды эмнеге билбей жүрдү? Ошондой эле, Бишкек ЖЭБинин долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялар менен күрөшкөн жок? Эми гана кыйкырып чыга келди деген оюн билдирди.
“Атамбаевге каршы оппозиция бийликке келсе, анан мурдагы бийликтин өкүлдөрүн жөндөн-жөн эле камай баштаса, анда аны саясий куугунтук же саясий өч алуу десек болот эле. Бирок Социал-демократтар партиясындагы адамдар андан кантип өч алат? Бул жерде эч кандай саясий куугунтук же кандайдыр бир өч алуу жок. Эгерде ал киши атаган адам бажы тармагында коррупция жасап жаткан болсо, алты-жети жыл бою жогорку бийликте отурган Атамбаев эмнеге байкаган эмес?”деп кошумчалады экс дупатат.
Ал эми “Атамбаев президент кезинде жети жылда “коррупцияны жайладым” деп эле кыйкырып жатпады беле? Атамбаев президент болуп турганда эмне үчүн ошол бажыдагы, салыктагы коррупцияны, Бишкек ЖЭБинин долбоорун ишке ашыруудагы коррупциянын бетин ачкан жок? Эгерде ошол кезде анын өзүнүн командасынын арасынан коррупцияга шектүү катары камалса, анда анын бүгүн айткан сөзүнө ишенет элек. Андыктан азыр айткандарын эки жүздүүлүкдесем болот,”-деди Жээнбеков