Улан Саляновдун өлүмүнө айыпталып кармалган шектүү адам Бишкектеги №1 тергөө абагынын эркектер кармалуучу режимдик корпусунда отурат жана ал башпрокурор Аида Саляновага коркунуч жарата албайт. Бул тууралуу бүгүн 12-июнда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан кабарлады.
Ал эми Аида Салянова аялдар кармалуучу режимдик корпуста, аны менен кошо бир бөлмөдө уурулук үчүн кармалган 1992-жылы туулган кыз бар.
Мекеменин маалыматында, Салянованын коопсуздугу толук камсыз кылынган. Күнү-түнү видеобайкоо жүргүзүлүп жатат.
Ал эми 1983-жылы туулган А. А., аттуу жаран Бишкектеги №1 тергөө абагынын эркектер кармалган корпусунда. Ал 2019-жылдын 22-майында СИЗОго алынып келинген.