Сооронбай Жээнбеков менен Монголия президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушу

146

Президент Сооронбай Жээнбеков Монголия президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий жолугушуу аземи болду.  Бул  тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында чет элдик мамлекеттердин башчыларынын жана делегацияларынын салтанаттуу жолугушуусун өткөрүү үчүн «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Ошондой эле, өлкө башчылары Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Андан соң президенттер кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты. Анда эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Белгилүү болгондой, Монголия Президентинин Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушмакчы. Аны менен катар Халтмаагийн Баттулганын катышуусу менен Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы болот.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь