Токаевдин инаугурациясы башталды. Ага кимдер катышып жатат?

173

Бүгүн Нур-Султан шаарында Казакстандын жаңы шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы өтүп жатат.

Иш-чара Эгемендүүлүк сарайында болууда. Президент эл алдында казак тилинде ант бергенден кийин дароо мамлекет башчылык ишине киришет.

Инаугурацияга Казакстандын мурунку президенти Нурсултан Назарбаев, парламент депутаттары, Конституциялык кеңештин мүчөлөрү, Жогорку Соттун судьялары жана өлкөнүн сыйлуу коноктору катышып жатат.

Буга чейин ал Бишкектеги саммитке өз статусунда келе тургандыгын айткан.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала чыгарган жыйынтыгына караганда, Касым-Жомарт Токаев шайлоочулардын добушунун 70,96 пайызын алган.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь