Футбол: Кыргызстан-Палестина тең чыкты

80

Кыргызстан менен Палестинанын Футбол боюнча курама командалары кечээ жолдоштук беттеш өткөрүп, оюн 2:2 эсебинде тең чыкты.

Кыргызстан менен Палестина курамалары буга чейин жалпысынан 5 ирет беттешкен. Улуттук курама анда 2 жолу утуп, эки жолу тең эсепте ойношкон. Ал эми бир жолу жеңилишкен.

Оюндун биринчи таймында Турсунали Рустамов жана экинчи бөлүктө Бекжан Сагынбаев киргизген 2 гол менен Кыргызстан алдыда бараткан. Экинчи бөлүктө коноктордон Сыян Тамер айып аянтчасынын сыртынан айып тобун тээп киргизип, эсеп айырмасын азайтты. Ал эми беттештин негизги убактысынын акыркы мүнөтүндө Абдулаттиф Аль Бахдари 11 метрлик айып тобун киргизип, эсепти теңеп кетишти.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь