Чүйдөгү айрым көлмөлөргө түшүүгө тыюу салынат

161

Чүй облусунда атайын уруксаты жок, бирок жарандар болбой эле түшүп жүргөн көлмө жана каналдарга түшүүгө тыюу салган белгилер орнотулат. Бул тууралуу ӨКМдин басма -сөз кызматы билдирди.

Аталган министрликтин адистери облустун аймагындагы бардык суу объектилерин текшерип чыгып, ушул тапта 399 канал, көлмө жана бассейн бар экенин аныкташты. “Булардын ичинен 22си сууга түшүүгө ыңгайлаштырылган бассейндер. Чүйдүн тургундарынын коопсуздугу үчүн калган көлмө, каналдарга түшүүгө тыюу салынган белгилер коюлат”, — деп кошумчалашкан.

Ошондой эле, азыркы күндө  адистер көлмөлөргө жакын жерде жашаган тургундарга  түшүндүрүү иштерин жүргүзү жатышат.

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь