Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги мурдагы башкы прокурору Аида Салянованы камакта калтырды. Бөгөт чарасы өзгөртүү боюнча мурдагы инстанциянын чечими өзгөртүлгөн жок. 5-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.
Сот жабык өттү. Ден-соолугуна байланыштуу Саялнова соттук отурумга өзү катышкан жок. Учурда Аида Салянованы колдоо боюнча кол топтолуп жатат.