Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловду эки жүздүү деп атады. Өмүркулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди сындаганы туура эмес деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 12-июнда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди:
“Текебаев ушу жерден Атамбаев Атамбаев болуп турганда «Жоопко тарталы, узурпация жасады, кылмыш кылды, парламент сынбасын, элита, эл, конституция сынбасын» деп жатканда, Иса Өмүркулов чыгып, ушул жерден: «Эмне деп жатасың, ал деген биздин улут атасы» деди эле. Эми 180 градуска бурулуп, башкача сүйлөп жатат. Мен Атамбаевди коргогон жокмун, болгону Иса Өмүркуловдун чыгып сүйлөгөнү туура эмес деп атам.”
Бүгүнкү күндө саясаттагы эки жүздүүлүктүн принициптери бузулуп жатат деген Шыкмаматов, Иса Өмүркуловду жок дегенде унчукпай отурушу керек эле деп сындады.