Абактагы аялдардын мода көргөзмөсү өттү

147

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 аялдардын жаза өтөө колониясында Жеңил өнөр-жай кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Бишкектен 8 чакырым алыстыкта, Степное айылында жайгашкан колонияда тигүү фабрикасы бар. Ал жакта жүздөн ашуун темир тор артындагы аялдар иштейт.

12-июнь күнү мекемеде кесиптик майрамга карата иш-чара уюштурулуп, ЖАМКнын төрагасынын орун басары Аскат Эгембердиев катышты. Ал темир тордо отурган аялдарды куттуктап, азыркы алган кесиптик билими жашоосунда пайдасы тийе тургандыгын белгиледи.

Соттолгондор гала-концерт уюштурду.

Фабрикада тигилип чыккан үлпөт, классикалык жана майрамдык көйнөктөр менен мода көргөзүштү.

Мындан тышкары иш-чаранын катышуучулары мекемеде чыгарылган ун азыктарынан ооз тийип, жүндөн токулган кол эмгектерге күбө болушту. 90го жакын аялдар грамота алышып, белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь