Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Анвар Артыков менен Төрага Дастанбек Жумабеков айтыша кетти. Анда Артыков Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча добуш бербегендигин айтып, анын ордуна башка бирөө кнопканы басып койгон деп нааразы болду. Буга Дастанбек Жумабеков жооп кайтарып, мыйзам чегинде иш алып барып жатканын айтты.
Ортодо пикир келишпестиктер болуп, экөө кайым айтышты. Ал эми Өмүрбек Бакиров Дастанбек Жумабековдун сөзүн кубаттап “Майда чабактарга маани бербеңиз”,- деди.