Алтынбек Сулайманов: “Биринчи Алмазбек Атамбаев сатып кетти”

152

Президент Сооронбай Жээнбеков сабырдуулук менен көп нерсеге реакция кылбай, иш менен далилдейин деген максатта жүрөт.  Мындай пикирди Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов билдирди.

Депутаттын айтымында, азыркы парламенттин 60 %ын Атамбаев түзгөн. Экинчиден, Жээнбековду да президенттикке Атамбаев сунуштаган. Ошондой эле, учурда өкмөттө иштеген кызматкерлердин 80 %ы Атамбаевдин убагында иштеген кадрлар.

«Атамбаев бийликтен кеткенде баары жаман болуп калышы керекпи? Ал башкаларды сатып кетсе болот, бирок аны сатууга болбойбу? Алсак, Атамбаев президент болуп келгенде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү сыртта калган. Демек, Атамбаев биринчи өзү сатып кеткен. Акыры саясатчы Өмүрбек Текебаевди да каматты. Учурда Атамбаев ошолордун баарынын жообун алып жатат», —деди эл өкүлү.

Сулайманов саясатта дагы адамгерчилик, принцип менен аягына чейин туруу керектигин кошумчалады

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь