Женевада өтүп жаткан сессияга Кыргызстандан делегация катышууда

126

Швейцариянын Женева шаарында эл аралык Эмгек уюмунун 108-сессиясы өтүп жатат.  Бул тууралуу Кыргызстындын Женевадагы Туруктуу Өкүлчүлүгү кабарлады.

Бул сессияга Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медвед баштаган бир катар өлкөлөдүн  президенттери катышып, сөз сүйлөштү. Ошондой эле дүйнөнүн 187 өлкөсүнөн эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан  5,000гө жакын делегат катышууда.

Кыргызстандан бул сессияга Улуттук Иш берүүчүлөр конфедерациясынын коомчулук менен байланыш боюнча эксперти Кулмамбетова Гулжан Тагайболотовна, аталган уюмдун түштүк аймагы боюнча вице-президенти Айгул Рахманова жана Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Жээнбек Осмоналиев катышууда.

21-июнга чейин улана турган иш- чарада жумуш орундарына жайгаштыруу жана эмгектин татыктуу келечеги боюнча Глобалдык комиссиянын доклады  жыйындын негизги темасын түзүүдө.

Ал эми  Юбилейдик Конференциянын жыйынтыгында “Эл аралык Эмгек уюмунун 100 жылдык Декларациясы” наамындагы  маанилүү документ кабыл алынат. Бул документ Уюмдун бир кылымдан берки алгылыктуу аракеттери жана майнаптуу иштеринин жыйынтыгына баа берилет. Ошондой эле алдыдагы 100 жылда экономиканын туруктуу өнүгүүсүнө жана ааламдагы адамдарды татыктуу  жана туруктуу  иш менен камсыз кылууга арналган демилгелерди белгилейт.

Бул жыйындын жыйынтыктоочу бөлүгүнө Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалидин Токтосартов катышып, конвенция кабыл алууга добуш берет.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь