Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Кыргыз жергесине келди

213

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди бүгүн, 13-июнда, расмий сапары менен Кыргыз жергесине келди.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, «Манас» эл аралык аэропортунан Индиянын премьер-министрин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.

Индиянын премьер-министри Нарендра Моди Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Расмий сапардын алкагында Нарендра Моди президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюулуусу күтүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь