Кайгуул милициясына талапкерлер 17-июнда тестирлөөгө чакырылат

82

Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдагандай, Кайгуул милициясы кызматына сынакка катышкан талапкерлерди 17-июнда саат 08:00дө ИИМдин Академиясында (Бишкек ш., Валиханов көчөсү 1а/1) тестирлөөгө күтүшөт.

Сынактын катышуучулары тестирлөө үчүн алдын ала «ДЕМИР БАНК» ЖЧК 1180000058426340 эсебине 200 (эки жүз) сом төлөөгө тийиш. Төлөмдүн багыты: ЖРТ боюнча тест үчүн.

Талапкердин жанында паспорту (же башка өздүгүн аныктаган күбөлүк) жана ЖРТ тест үчүн төлөмдүн дүмүрчөгү болушу керек.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь