Кыргызстанда Монголиянын элчилиги ачылды

200

12-июнь Бишкекте Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин расмий ачылышы болду. Ага Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков катышты.

Белгилей кетсек, кечээ Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келген.

Монголиянын башчысы ачылышта сүйлөп, элчиликтин ачылышы монгол-кыргыз алакасынын тарыхында маанилүү окуя экенин белгиледи.

“Биздин элдер парламенттик башкаруу формасын тандап, коомду демократиялаштырууну ийгиликтүү жүргүзүүдө”, – деди ал.

Ал эми, Кыргызстандын тышкы иштер министри Айдарбеков эки өлкөнү эски маданий-тарыхый алака байланыштырып тураарын билдирди.

Эске салсак, буга чейин Кыргызстанда Монголиянын башкы консулдугу болгон. Эки өлкө дипломатиялык алаканы 1992-жылы түзгөн болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь