“Кыргызстан-Кытай” бизнес-форумунда 7,7 млрд долларга келишим түзүлдү

«Кыргызстан-Кытай» бизнес-форумуна 300дөн ашык ишкер катышты. Алардын ичинен кытайлык 80 компаниядан 150 өкүл бар. Бул тууралуу Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдирди.

“Кыргызстандан 100дөн ашык ишкер катышты. Анын арасында ири жана орто компаниянын өкүлдөрү да бар. Анда 7,7 млрд. долларлык 24 документке кол коюлду,”-деди Адылбек уулу.

Келишимдер сууну кайра иштетүү, тоо-кен тармагы, агропарктарды куруу жана товардык биржаларды ачуу боюнча түзүлгөн.

Кошумча маалымат бере кетсек, Кытайтын башчысы Си Цзиньпин мамлекеттик сапары менен Бишкекке келген. Анда Сооронбай Жээнбеков менен тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулар болуп, 14 документке кол коюлган болчу.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь