Кытайдан Кыргызстанга 600 миллион юань берилет

135

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен жолугушууда Кыргызстан көп багыттуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Жээнбеков приоритеттүү багыттар катары транспорт, инфраструктура, айыл чарба тармактарын атады. Кыргыз президенти расмий Бишкек Кытай менен буга чейин түзүлгөн келишимдерди аткара турганын билдирди. Эки өлкө ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн өкмөт аралык жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Кыргызстанга 13-июнда мамлекеттик сапар менен келген. Бүгүнкү жолугушуу жүрүшүндө 20га жакын документке кол коюлары айтылууда. Азырынча кандай багыттагы келишимдер экени ачык айтыла элек.

Ошондой эле Жээнбеков буга чейин Кытай бийлиги убада кылган 600 миллион юань жакын арада бөлүнөт деп ишенерин билдирди.

Кытай Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүүгө, таза суу менен камсыз кылууга 100 миллион доллар же 600 миллион юань бөлөрү 2018-жылы июнь айында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун Бээжиндеги сапарынын учурунда айтылган. Кыргызстан аймактарды өнүктүрүү багытында жалпысынан 48 долбоор сунуш кылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь