Көмүр сатуучу Таластын мэрин таш менен согуп, унаасын талкалады

93

Талас шаарынын мэри Айдар Жузупбековго эркек киши кол салды. Аталган шаарда мыйзамсыз көмүр сатуучу жайларды текшерип жүргөн убакта сатуучулардын бири мэрди сабаган. Ошондой эле Жузупбековдун кызматтык унаасынын терезесин талкалаган.

Окуя 10-июнда болгон. Анда 1962-жылы туулган шаар тургуну калаа башчынын дарегине туура эмес сөздөрдү айтып, таш менен сокконго үлгүргөн. Жузупбеков барган жердин жашоочулары дагы сатуучуларга арызданып келишкен.

Учурда бул факт сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь