Монголиянын президенти Улан-Батордо спортчулардын биргелешкен окуу-машыгууларын өткөрүүнү сунуштады

233

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө расмий сапары менен келген Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулга менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланып, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, айыл чарба, тоо-кен жана туризм тармактарында эки жактуу кызматташууларды мындан ары карай кеңейтүү жөнүндө пикир алмашылды.

Мухаммедкалый Абылгазиев Монголиянын Президенти Халтмаагийн Баттулганын расмий сапары кыргыз-монгол мамилелерин сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө күчтүү дем берерине ишеним билдирди.

Баса белгиленгендей, маданий-тарыхый байланыштарды жана эки өлкөнүн элинин жакындыгын эске алуу менен саясий диалогдун активдешүүсү эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыктарынын артыкчылыктуу тармактарында өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтет.

Тараптар соода байланыштарды активдештирүү, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, Кыргыз Республикасына келген монгол туристтеринин санын көбөйтүү жолдорун талкуулашты.

Президент Халтмаагийн Баттулга Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Монголияга сапары менен келип кетүүгө чакырды. Чакыруу кабыл алынды.

Ошондой эле монгол лидери жолугушууда кыргыз тарапка Токиодогу жайкы олимпиада оюндарына даярдануунун алкагында Улан-Батордо спортчулардын биргелешкен окуу-машыгууларын өткөрүүнү сунуштады.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь