“Мэрия деп урушуп атасыздар. Чыдайлы, туруп берели”. Жасалма жасалгалар боюнча мэрия жооп берди

227

Бишкектеги Киев көчөсүндө жайгашкан эски турак үйдүн боёгу сыйрылып түшүп калгандыктан, аны баннер менен жаап коюшкан.

Коомчулуктун кызуу талкуусуна түшкөн жасалмалык боюнча шаардын аппарт башчысы Балбак Түлөбаев жооп берди. Анын айтымында бул жеке менчик турак-жай. Ээсине буга чейин канча ирээт эскертилсе дагы, ал оңдоп-түзөгөн эмес. Түлөбаев төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:

” Урматтуу калайык!
Эки жылдан бери айтып атып бүтүптүр Мэрия.
Турак жай жеке менчик. Жеке менчик кол тийгис.
Бизге өтө көп кайрылуулар болуп келген. Биз да айта берип бүттүк. 
Эми бийлик, мэрия деп урушуп атасыздар. Чыдайлы, туруп берели. Бирок эмне үчүн? Эмне күнөөбүз үчүн. Айла кеткенде жаба туралы дедик. Дагы кандай кылабыз?

Эске салсак, бул борбор калааны 13-14-июнь күндөрү өтө турган ШКУнун саммитине даярдоо болгон.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь