Ооганстан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани бүгүн, 13-июнда, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылар Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан Ооганстандын Президентин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Ооган лидери ШКУга байкоочу катары катышат.