Пакистандын премьер-министри Имран Хан бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.
Пакистандын премьер-министрин «Манас» эл аралык аэропортунан вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.
Имран Хан сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.
14-июнда Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Анда байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да болот.