Политолог Бакыт Бакетаев: ШКУ формалдуу түрдө чоң, бирок аткарылган иши майнап бербей жатат

2 528

ШКУ га мүчө болгон мамлекеттердин негизги максаты өз өлкөсүнүн ар тараптуу өнүгүшүнө жакшы шарт түзүп берүү. ШКУнун бардык келишимдеринде мамлекеттер аралык коопсуздукту жана тынчтыкты биринчиден камсыз кылуу жазылган. Ар бир мамлекеттин шайланган элчилери бар, ошол элчилер кандай кызмат алып барат, кандай ыкма менен өз өлкөсүнүн пайдасына ылайык упай топтоп кетет. ШКУдагы кол коюлган келишимдердин иштеп кетиши мына ошол элчилерден көз каранды болот.

“Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” деп бекеринен айтылбайт. Биздин элчилердин жарымы касапчы эмес. Алар эл аралык дипломатияны билбегендер, окубагандар, түшүнбөгөндөр. ШКУ тездик менен өнүгүп жаткан уюм эмес. ШКУ өзү бар, Ташкентте терроризм, сепаратизм, экстремизмге каршы борбору жайгашкан. Болгону ошол. Ал эми эң негизги ишти аткара турган парламенттик ассамблея жок. ШКУнун алкагынды парламенттик ассамблеяны Бишкекте ачыш керек деген демилгени ушул саммитте президент Сооронбай Жээнбеков көтөрүп чыкса жакшы болмок.

Салыштырмалуу айтсам, мисалы: парламент бар, президент бар, Жогорку Кеңеш бар, бирок негизги болгон мыйзам чыгаруучу Жогорку Кеңеш өкүлдөрү бир жылда бир чогулат. Мыйзам жок болсо иш токтоп калат дегенди билдирет. Эгер парламентсиз уюмдун ишмердүүлүгүнө 5 жыл өтсө деле иш ордунан жылбай токтоп тура берет. ШКУ формалдуу турдө чоң, бирок аткарылган иши майнап бербей жатат.

Комментарии

  1. Hi there very nice web site!! Man .. Excellent .. Superb ..
    I’ll bookmark your site and take the feeds also?
    I’m glad to find numerous useful information right here within the
    publish, we need work out extra strategies on this regard, thanks for
    sharing. . . . . .

    Here is my site … cheap flights

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь