Премьер-министрдин аялы кымбат тамактангандыгы үчүн айып төлөйт

231

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун жубайы Сара Нетаньяху кымбат тамактарга буйрутма берип келгени үчүн 14 миң евро айып төлөйт.

Аталган чечим кечээ Израиль Башкы прокуратурасы менен Нетаньяхунун катышуусунда кабыл алынган. Чечим Жогорку сот кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Айыптоого ылайык, Нетаньяху өкмөттүн кызматынан билип туруп ашыкча пайдаланган. Сара буйрутма берген тамактын баасы 3 жыл ичинде 43 миң еврону түзгөн. Анын акчасы өкмөттүк эсептен төлөнгөн. Ошондой эле, премьер-министрдин үй-бүлөсүн жеке ашпозчу тейлеп, ага айлык акы мамлекеттин бюджетинен бөлүнүп турган.

Премьер-министрдин жубайы Нетаньяху бул айыптоолор орунсуз экендигин айтып келет.

Байкоочулар 2015-жылы да премьер-министрдин үй-бүлөсү ашыкча чыгаша кылышканын айтышкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь