11-июнь күнү Санкт-Петербург шаарындагы Пушкин районунда 17 жаштагы кыз бийиктен кулап кетти. 9-кабаттан учуп кеткен кыз Кыргызстандын тургуну экендиги аныкталды. Ал Россияга билим алууга келген студент болгон.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, кулаган кыз 34/1 үйүндөгү батирде апасы жана эжеси менен жашачу. Окуя болгон учурда ал үйдө жалгыз болгон.

Дарыгелер жабырлануучунун баш-мээсинен жабык травма, мээсинен оор даражадагы жаракат, белинин эки жеринен жана оң далысынан жаракат алгандыгын аныкташты. Учурда кыздын абалы оор.

Күбөлөрдүн айтымында, жаш кыз терезени жууп жатып кокустан учуп кеткен. Учурда укук коргоо кызматкерлери окуянын үстүнөн иликтөө иштерин жүргүзүп баштады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: