Россиянын Президенти Владимир Путин Кыргызстанга келди (сүрөт)

Россиянын Президенти Владимир Путин бүгүн, 13-июнда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Эл аралык «Манас» аэропортунда Владимир Путинди Президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ушул жерде эки мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду. Президент Сооронбай Жээнбеков Владимир Путиндин ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келишине кубанычтуу экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинди Россия Күнү менен куттуктады жана мамлекет башчыларынын ар бир жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы өз ара пайдалуу өнөктөштүктү тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө өбөлгө болоорун канааттануу менен баса белгиледи.

Владимир Путин Кыргызстандын төрагалыгы алдында ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны ийгиликтүү өтөөрүнө ишеним билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь