Чүйдө жер казуу учурунда адамдын сөөгү табылды

248

Чүй облусунун Сокулук районунда жер тилкесине үй куруу учурунда эки кишинин сөөгү табылган. Бул тууралуу жергиликтүү тургун айрым маалымат булактарына билдирген.

“Досум Сокулук районунан жер тилкесин алып, курулуш иштерин баштаган. Бүгүн саат 12:00 чамасында пайдубал куюу үчүн жерди казып жаткан усталар 2 адамдын сөөгүн табышты. Сөөктөр 50 сантиметрден кийин чыкты. Азыр сөөктү Сокулук РИИБине алып кетишти. Досум бул жер тилкесин сатып алганына 15 күндөй эле болгон. Учурда досум Түркияда жүргөн,”-деп билдирген окурман.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь