ШКУ: Бишкекте 8 өлкөнүн өнөрпоздору катышкан концерт өтөт

127

Бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына карата Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында чоң программадагы концерт болот. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан билдирди.

Маалыматка караганда, концерт үч бөлүктөн турат. Ал элдердин каада-салт жана маданиятынын символу болгон Улуу Жибек Жолунун маанилүүлүгүн ачып берет.

Иш-чарага ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият өкүлдөрү катышат. Алсак, Орусия, Индия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Пакистандан ырчылар келген.

Ал эми Кыргызстандын атынан жалпы 700 өнөрпоз катышат. Булардын катарында чет өлкөдө эмгектенип жүрүшкөн белгилүү ырчылар Жеңиш Исманов, Жумадыл Дурусалиев, Жамиля Раимбекова, Лейла Асанбекова, Канат Надырбек уулу жана башкалар дагы коштойт.

Иш-чаранын көркөм жетекчиси: Султан Раев, ал эми режиссеру: Алтынбек Максүтов. Сценарийдин авторлору: Султан Раев жана Кайрат Иманалиев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь