Бүгүн Баткен облсунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагында жүк ташуучу «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү унаа өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Берилген маалыматтарга караганда, окуя саат 11:10 чамасында Кулунду—Максат унаа жолунун 4-чакырымында болгон. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, өрттү толук өчүрүшкөн. Ошондой эле, унаанын ичиндеги 12 жылкы куткарышкан. Тилсиз жоонун кесепетинен адам өмүрүнө зыян болгон жок. Ал эми кырсыктын себеби, унаадагы токтордун туура эмес тутанышуусунан болгону аныкталган.
Булак: Турмуш