Бейшенбек Абдразаков, экс-депутат: “Эл сабаттуу, көзү ачылган Атамбаевди колдобойт, ээрчибейт”

318

– Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигин алуу боюнча парламентте атайын комиссия түзүлдү. Эми Атамбаев камалышы мүмкүн. Бул көрүнүш башкаларга сабак болобу?

— Бул убакка чейинки президенттер качып кете беришчү, эч кимден коркушкан эмес, эч нерсеге жооп беришкен эмес. Анткени алардын иммунитети – кол тийбестиги бар болчу. Эми ал жок, баары мыйзам алдында бирдей жооп бериши керек. Президент экенине карабай мыйзам бузса соттолушу керек. Эми бул мыйзам президент болом дегендерге эскертүү болушу абзел.

Атамбаевдин санаалаштары “эл Атамбаевдин камалышына жол бербейт” деп камырабый турат. Чын эле экс-президентти колдоп эл чыгабы?

— Коомчулук Бишкек ЖЭБи, музей, Түндүк-түштүк жолу, Дача СУдагы учактын кулашы боюнча маалыматтарды билип бүттү. Атамбаевди соттолуп жаткан өнөктөштөрүнүн жакындары, өзүнүн туугандары, бир аз санаалаштары, “Автомаш” заводунда иштеген саналуу адамдар колдошу мүмкүн. Менимче, жалпы эл аны колдобойт, ээрчибейт, эл сабаттуу, көзү ачылган.

Булак: “Азаттык” үналгысы

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь