ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Бишкек шаарында өтө турган жыйынын чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитацияланды.

Учурда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйыны башталды.

Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ооганстандын, Белоруссиянын, Ирандын, Монголиянын жана Япониянын 115 жалпыга маалымдоо каражаттарынан 443 чет элдик журналисттер иш-чараларды чагылдыруу үчүн аккредитациядан өтүштү.

Ошондой эле Кыргызстандын 32 жалпыга маалымдоо каражаттарынын 94 өкүлү аккредитациядан өткөн.

Жыйындын жүрүшүн Коомдук телерадиокорпорациянын “Ала-Тоо 24” телеканалы түз эфирден көрсөтөт.

Түз эфирге аккредитациядан өткөн чет элдик жана жергиликтүү негизги телеканалдар кошулушат.

Эске салсак, ШКУга 8 мамлекет мүчө болуп эсептелет: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ, алар: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: