Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева Улуттук госпиталдын башкы директору кызматынан алынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, Динара Сагинбаева «Мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга шектелгендердин бири катары кылмыш ишинин негизинде тергөөгө тартылган.
Мындан улам Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы кызматтан алууга сунуш берип, сот аны орундаткан.
Экс-министр буга чейин камакка алынып, кийин үй камагына чыгарылган.